Биз иштеген жерде отуруп заара кылууга шарт жок. Ал эми отуруп заара кылууга ылайыктуу жер алыс болгондуктан, ал жакка улам-улам бара албайбыз.
Шариятта заараны отуруп кылуу буйрулган. Себепсиз туруп заара кылуу — макрух. Мухаммад пайгамбар да көбүнчө отуруп заара кылчу жана туруп заара кылуудан кайтарган.
Ошондуктан, биринчи аракет — мүмкүн болсо, отуруп заара кылууга ылайыктуу жерге баруу. Бирок улам-улам барууга мүмкүн болбосо, аргасыз учурда башка жерде заара кылса болот. Мында зааранын чачырап денеге же кийимге тийбешине өзгөчө көңүл буруу керек. Эгер тийип калса, аны жууп тазалоо зарыл. Эгер зааранын тактары бир дирхам өлчөмүндө же андан көп болсо, анда мындай кийим менен намаз окууга болбойт.
'' عن عائشة، قالت: من حدثكم أن النبي صلى الله عليه وسلم كان يبول قائماً فلا تصدقوه ، ما كان يبول إلا قاعداً، سنن الترمذي ت بشار (1/ 62)