Сажда сахв кылуу үчүн сөзсүз салам берип анан сажда кылуу керекпи?
1. Эгер имамга сажда сахв фарз болуп, акыркы къадада (къадаи ахира) салават окугандан кийин эстесе, бирок оң тарапка салам бербестен эки сажда сахв кылып, андан кийин ташаххуд окубастан салам берип намаздан чыкса, намазы туура болобу?
2. Сажда сахв үчүн сөзсүз салам берип анан сажда кылуу шартпы?
3. Сажда сахвдан мурда окулган ташаххуд фарз болобу же андан кийинкиси?
Көрсөтүлгөн имам саламдан кийин сажда сахв кылуусу керек эле. Бирок эгер ал салам берүүдөн мурда сажда сахв кылган болсо, анда сажда сахв да, намаз да толук болгон болот. Эгер имам сажда сахвдан кийин атайылап ташаххудду таштап койсо, бул күнөө болот, бирок мындан намаз бузулбайт, намаз толук аткарылган болуп эсептелет.
ففی الفتاوى الهندية: ومحله بعد السلام سواء كان من زيادة أو نقصان ولو سجد قبل السلام أجزأه عندنا هكذا رواية الأصول ويأتي بتسليمتين هو الصحيح كذا في الهداية (1/ 125)۔