Менин жашоомдогу көп намаздар каза болуп калган. Азыр, Аллага шүгүр, окуп жатам, бирок каза намаздар абдан көп, убакыт болсо аз, анткени карымын. Бир күндө көп намаз окугум келет, бирок бир күндүн намаздарын окуганда эле улам-улам туруп чарчайм. Көп намаздарды отуруп окууга болобу? Төрт ракъаттын акыркы экөөндө «Фатиха»ны таштап кетсе болобу? Эгер «Фатиха»ны окубаса, канча убакыт тик туруп туруу керек?
(2) Витирдин казасы керекпи?
(3) Ошондой эле Рамазан айынын орозолору да каза болуп калган, ар бир орозо үчүн каффарат керекпи же бир эле каффарат, калгандарына казасын кармообу керекпи?
Алхамдулиллахи вассолату вассаламу алаа расулиллах.
(1) Каза болгон парз жана витир намаздарын окуу керек. Бирок жөн гана жеңил чарчоо себеп болуп, парз намазды отуруп окуу шариат боюнча жаиз эмес жана мындай намаз кабыл да болбойт. Бирок карылык себебинен тик туруп окуу чыдагыс оордук жаратса же оору келип калуу коркунучу күчтүү болсо, анда отуруп окууга болот. Эгер бир учурда көп намаздарды кайталоо оор болсо, анда жеңил ыкмасы — ар бир парз намаз менен ошол убакыттын каза намазын кошо окуу, жана бош убакытта нафил намаз же зикирдин ордуна каза намаздарды окуу. Ушундай жол менен өмүрүндө бардык каза намаздарын кайталап бүтүрсө жакшы болот. Болбосо калган намаздар тууралуу осуят кылуу керек. Ал эми парз намаздын акыркы эки ракъатында «Фатиха» окуунун ордуна үч жолу «Субхана Раббиал-Аълаа» айта турганча тик туруп турса, намаз толук болот.
(2) Ооба, витир амалий парз болуп, анын да казасы керек.
(3) Рамазан айындагы калып кеткен орозолордун казасы гана кармап бериш кереке, каффарат жок.
ففي الفتاوى الهندية: إذا عجز المريض عن القيام صلى قاعدا يركع ويسجد هكذا في الهداية وأصح الأقاويل في تفسير العجز أن يلحقه بالقيام ضرر وعليه الفتوى كذا في معراج الدراية وكذلك إذا خاف زيادة المرض أو إبطاء البرء بالقيام أو دوران الرأس كذا في التبيين أو يجد وجعا لذلك فإن لحقه نوع مشقة لم يجز ترك ذلك القيام كذا في الكافي اھ (1/ 136)۔
وفيه أیضاً: و في الحجة الاشتغال بالفوائت أولى وأهم من النوافل إلا السنن المعروفة اھ (1/ 125)۔
وفيه أیضاً: وإن ترك القراءة والتسبيح لم يكن عليه حرج ولا سجدتا السهو إن كان ساهيا لكن القراءة أفضل هذا هو الصحيح من الروايات هكذا في الذخيرة وعليه الاعتماد كذا في فتاوى قاضي خان وهو الأصح كذا في المحيط في فصل القراءة وهو الصحيح وظاهر الرواية هكذا في البدائع والسكوت مكروه هكذا في الخلاصة اھ (1/ 76)۔
وفيه أیضاً: ويجب القضاء بتركه ناسيا أو عامدا وإن طالت المدة ولا يجوز بدون نية الوتر كذا في الكفاية ومتى قضي الوتر قضي بالقنوت كذا في المحيط اھ (1/ 111)۔
و في بدائع الصنائع؛ و في الآية دلالة وجوب القضاء على من أفطر بغير عذر لأنه لما وجب القضاء على المريض والمسافر مع أنهما أفطرا بسبب العذر المبيح للإفطار فلأن يجب على غير ذي العذر أولى اھ (2/ 94) والله تعالى اعلم