«Ассалааму алайкум! Үйлөнгөндөн кийин аял өз атасынын фамилиясынын ордуна күйөөсүнүн фамилиясына өтүүсүнө ( Исламда кандайдыр бир тыюу барбы? Бул пикирге каршы тараптар төмөнкүдөй далилдерди келтиришет:
Аллах Таала Куранда балдарды өз атасынан башка бирөөнүн тегине байлоого тыюу салган. Бул өкүм жалгыз Зайд бин Харисага (разияллаху анху) гана тиешелүү беле же муну аялдын күйөөсүнүн фамилиясына өтүү маселесине да катыштырууга болобу?
Момундардын энелери (Пайгамбарыбыздын жубайлары) да Азирети Мухаммаддын (саллаллаху алейхи васаллам) ысымын же тегин өздөрүнүн аты-жөнүнө кошуп өзгөртүшкөн эмес. Ошондуктан алардын амалы биз үчүн жетиштүү, аял күйөөсүнүн фамилиясына өтпөшү керек.
Кээ бир адамдар аялдын турмушка чыккандан кийин күйөөсүнүн фамилиясын алуусун Исламда таптакыр арам же тыюу салынган деп эсептешет. Ушул маселени Куран жана Хадистин жарыгында түшүндүрүп берүүңүздү өтүнөм.»
Аялдын өз атына күйөөсүнүн фамилиясын кошуусунун же анын фамилиясына өтүүсүнүн максаты — өз тегин өзгөртүү эмес, жөн гана коомдо таанылуу үчүн күйөөсүнүн фамилиясын кошумча катары колдонуу болуп саналат. Бул анын тигил же бул адамдын жубайы экенин билдирүү үчүн гана жасалат. Ошондуктан, мындай кылууда шарият боюнча эч кандай күнөө же тоскоолдук жок жана бул жөн гана жергиликтүү үрп-адатка таянган нерсе. Ал эми Ыйык Курандагы тыюу салуу — бирөө өз тегин өзгөртүп, башка бирөөнү өзүнүн чыныгы атасы катары көрсөткөн учурга карата айтылган.
ففي أحكام القرآن للجصاص: وقوله تعالى وما جعل أدعياءكم أبناءكم قيل إنه نزل في زيد بن حارثة وكان النبي صلى الله عليه وسلم قد تبناه فكان يقال له زيد بن محمد اھ (5/ 222)
وفي سنن أبي داود: عن أنس بن مالك، أن النبي صلى الله عليه وسلم قال له: «يا بني» اھ (4/ 291)
وفيه أيضاً: عن أبي الدرداء، قال: قال رسول الله صلى الله عليه وسلم: «إنكم تدعون يوم القيامة بأسمائكم، وأسماء آبائكم، فأحسنوا أسماءكم» اھ (4/ 287)
وفيه أيضاً : عن عائشة رضي الله عنها، أنها قالت: يا رسول الله، كل صواحبي لهن كنى، قال: «فاكتني بابنك عبد الله» يعني ابن اختها قال مسدد: عبد الله بن الزبير، قال: فكانت تكنى بأم عبد الله اھ (4/ 293)-