Бир нече жыл мурда жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн негизинде мындай маалыматтар чыккан эле: мультинaционал компаниялар колдонгон E110 коду жана ушу сыяктуу E тамгасы сандар менен берилген коддор чочконун (доңуздун) ар кандай бөлүктөрүн билдирет экен. Бул маалыматтар гезиттерде да жарыяланган. Ошондон кийин шире кутучаларында, конфет-шоколаддарда ж.б. азыктарда «халал» деген жазуу пайда боло баштаган.
Азыр мен кандай гана азыктын курамында ушундай коддорду көрсөм, ал нерсени өзүм колдонбойм, мындан тышкары башкаларга да колдонбоону эскертип коём. Ушул маселе боюнча так түшүндүрмө берип коюшуңузду суранам.
Андан сырткары, менин жеке байкоом боюнча, кайсы бир азыкты колдонгондон кийин жүрөгүм айланып, ичим бузулуп, «балким бул нерсени жеп ката кетирдим окшойт» деген ой келет. Ошол учурда анын курамын карасам, анда дал ушул коддор жазылганын көрөм.
Суроодо айтылган же башка кандайдыр бир код боюнча эгер так илимий изилдөөлөрдүн негизинде анын негизги формуласы же курамында арам нерселер аралашканы аныкталса жана ал нерсенин маңызы менен табияты химиялык процесс аркылуу өзгөртүлбөгөнү далилденсе, анда аны жеш уруксат эмес. Андай нерседен алыс болуу важиб жана зарыл.
Ошондой эле, мындай коддор камтылган азыктардын курамындагы заттар адал экендиги толук аныкталып, так текшерилмейинче, белгисиз (шектүү) коддору бар азыктарды жеп-ичүүдөн жана колдонудон алыс болуу керек.
كما في مشكاة المصابيح: وعن النعمان بن بشير قال: قال رسول الله صلى الله ،عليه وسلم: «الحلال بين والحرام بين وبينهما مشتبهات لا يعلمهن كثير من الناس فمن اتقى الشبهاب استبرأ لدينه وعرضه ومن وقع في الشبهات وقع في الحرام اھ (2/ 843)۔
وفي حاشية ابن عابدين: تحت (قوله: ويطهر زيت إلخ)(إلی قوله) وعليه يتفرع ما لو وقع إنسان أو كلب في قدر الصابون فصار صابونا يكون طاهرا لتبدل الحقيقة. اهـ. ثم اعلم أن العلة عند محمد هي التغير وانقلاب الحقيقة وأنه يفتى به للبلوى كما علم مما مر، ومقتضاه عدم اختصاص ذلك الحكم بالصابون، فيدخل فيه كل ما كان فيه تغير وانقلاب حقيقة وكان فيه بلوى عامة اھ (1/ 316)
E110 коду колдонулган тамак-аш азыктарын чыгарган мультинационал компа
Кыргызча 0 Halal & Haram FoodsE110 коду колдонулган тамак-аш азыктарын чыгарган мультинационал компа
Кыргызча 0 Halal & Haram Foods