Эгер Зухр намазынын төрт рекет сүннөтү (сүннөт муаккада) калып кетсе, анда фарз намазынан кийин адегенде кайсынысын окуу керек:
эки рекет сүннөттүбү, же калган (каза болгон) төрт рекет сүннөттүбү?
Эгер кайсы бир адам пешим намазынын төрт рекет сүннөт муаккадасын окуй албай калып, имам менен кошо фарз намазга кирип кетсе, анда мындай адамга төмөнкүчө кылуу керек: Ал фарз намазын бүтүргөндөн кийин, адегенде эки рекет сүннөт муаккаданы окуйт, андан соң окулбай калган төрт рекет сүннөттү (каза кылып) окуйт.
کما فی الدر المختار وحاشية ابن عابدين (رد المحتار) (2/ 59):
"(بخلاف سنة الظهر) وكذا الجمعة (فإنه) إن خاف فوت ركعة (يتركها) ويقتدي (ثم يأتي بها) على أنها سنة (في وقته) أي الظهر (قبل شفعه) عند محمد، وبه يفتى جوهرة.
(قوله: وبه يفتى) أقول: وعليه المتون، لكن رجح في الفتح تقديم الركعتين. قال في الإمداد: وفي فتاوى العتابي، أنه المختار، وفي مبسوط شيخ الإسلام أنه الأصح؛ لحديث عائشة «أنه عليه الصلاة والسلام كان إذا فاتته الأربع قبل الظهر يصليهن بعد الركعتين». وهو قول أبي حنيفة، وكذا في جامع قاضي خان اهـ والحديث قال الترمذي: حسن غريب، فتح".