Muslim Fatawa

Online Fatwa Services

Fatwa No :
10
| Date :
0000-00-00
التاریخ / تاریخ الاسلام / الحوادث

Иса (алейхиссалам) мусулманбы?

Айрымдар «Иса (алейхиссалам) мусулман болгон эмес» дешет. Башка пайгамбарлар жөнүндө маселе кандай?

الجوابُ حامِدا ًو مُصلیِّا ً

Мусулман деп — асмандан келген илахий көрсөтмөлөргө жана билимдерге ишенген жана акыретке ыйман келтирген адамды айтышат. Бардык пайгамбарлар (аларга салам болсун), анын ичинде Иса (алейхиссалам) да ушул көрсөтмөлөрдү алып келген, ошол нерселерге чакырган жана жол көрсөткөн.
Бирок ар бир пайгамбарга өз убагынын шартына жана абалына жараша айрым атайын көрсөтмөлөр берилген. Ошондуктан аларга ишенгендер өз пайгамбарына байланыштуу ат менен аталып келген — мисалы, «христиандар» ж.б. Бирок кийинки пайгамбар келгенде, мурунку пайгамбардын айрым өзгөчө көрсөтмөлөрү насх кылынган (жоюлган) жана ошол убактагы пайгамбардын шариятына амал кылуу зарыл болгон.
Ошол сыяктуу эле Пайгамбарыбыз Мухаммад ﷺ келгенден кийин мурунку диний көрсөтмөлөрдүн баары жоюлган, эми алардын ордуна Мухаммад ﷺдын шарияты гана калды. Ошондуктан азыр мурунку пайгамбарлардын көрсөткөн жолуна амал кылгандарды «мусулман» деп атабайт, аларды мурунку аттары менен — «христиандар» ж.б. деп аташат. Бирок бул аттар азыркы учурда алардын Куранга жана акыркы пайгамбарга ишенбестигинин белгиси болуп эсептелет.

مأخَذُ الفَتوی

قال اللہ تعالیٰ: ﴿ اٰمَنَ الرَّسُوْلُ بِمَآ اُنْزِلَ اِلَيْہِ مِنْ رَّبِّہٖ وَالْمُؤْمِنُوْنَ۰ۭ كُلٌّ اٰمَنَ بِاللہِ وَمَلٰىِٕكَتِہٖ وَكُتُبِہٖ وَرُسُلِہٖ۰ۣ لَا نُفَرِّقُ بَيْنَ اَحَدٍ مِّنْ رُّسُلِہٖ۰ۣ وَقَالُوْا سَمِعْنَا وَاَطَعْنَا۰ۤۡ غُفْرَانَكَ رَبَّنَا وَاِلَيْكَ الْمَصِيْرُ۲۸۵﴾ البقرة: ٢٨٥
و فی البداية والنهاية: عن أبي هريرة قال: قال رسول الله - صلى الله عليه وسلم - : " أنا أولى الناس بعيسى عليه السلام والانبياء أخوة أولاد علات وليس بيني وبين عيسى نبي " و عن عبد الرحمن بن آدم، عن أبي هريرة عن النبي- صلى الله عليه وسلم - قال: " الانبياء أخوة لعلات ودينهم واحد وأمهاتهم شتى(2 / 117)

واللہ تعالی اعلم بالصواب
omurbek عُفی عنه
دار الافتاء مسلم فتاوی

Fatwa No 10 Verify Now
| | |
0    75
Тектеш фатвалар الفتاوى ذات صلة
...
Тектеш тема مواضيع ذات صلة